• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир жума ичинде Чүй облусунда 4 миң 327 жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Чүй облусунда 22-28-март аралыгында 4 миң 327 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы катталгандардын ичинен 27 айдоочу мас абалында, 1 миң 350сү катуу ылдамдыкта, 16сы тиешелүү документтери жок унаа башкарган. 81 унаа айып аянтчасына киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий