• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир жумада 13,2 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы экспортко чыгарылды

Экономика 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери бир жуманын ичинде республиканын чек арасында жана аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, 2021-жылдын 19-марттан 26-мартка чейин 13 миң 243 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы экспортко чыгарылган.

ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык, товарларга текшерүү жүргүзүлүп, экспорттолгон продукциянын үлгүлөрү алынды, ташуу шарттары жана сактоо эрежелери сакталды.

Пикир

Оставить комментарий