• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бир жумада кыргыз-казак чек арасында мыйзамсыз 1,5 тонна күйүүчү майлар кармалган

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. 17нен 24-декабрга чейин кыргыз-казак чек ара тилкесинде 1,5 тонна күйүүчү майлоочу материалдарын мыйзамсыз киргизүү аракети токтотулган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрмө пунктунда Казакстандан Кыргызстанга тийиштүү документтери жок 1520 литр күйүүчү майлоочу материал кармалган.

Май ээлери менен алардын мыйзамсыз жүгү кийинки териштирүүлөр үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий