• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бир жумада Кыргызстанда 189 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда бир жуманын ичинде 18 миң 169 жол эрежесин бузуу катталган.

Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыктарын алдын алуу жана жол эрежесин сактоо максатында өлкө аймагында керектүү иш-чаралар кабыл алынууда.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 12нен 18-октябрына чейин 18 миң 169 айдоочу административдик жоопкерчиликке тартылган. Анын ичинен унааны мас абалында башкаргандыгы үчүн 189 айдоочу кармалган, жол белгилерин сактабагандыгы тууралуу 3 миң 490 протокол толтурулуп, алдыңкы, эки капталындагы айнектери караңгылатылган унааларды башкаруу боюнча 35 айдоочу кармалган.

Андан тышкары, жогорку ылдамдыкта айдоо боюнча - 2065 айдоочу, жол кыймылынын эрежелерин сактабаган - 12 миң 390 айдоочу административдик жоопкерчиликке тартылган. 985 унаа атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий