• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бир жумада Кыргызстанда 300дөн ашык мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Бир жуманын ичинде Кыргызстанда 300дөн ашык мас айдоочу кармалды, - деп билдирет КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 14нөн 20-сентябрга чейин – 20 миң 581 жол кыймылынын эрежесин бузуулар катталган.

Анын ичинен;

- 2 миң. 226 айдоочу унааны жогорку ылдамдыкта башкарган;

- 523 айдоочу жол чыракка бай ийген эмес;

- 1 миң. 642 айдоочу жолдо башка айдоочуларга тоскоолдук жараткан;

- коопсуздук курун тагынбастан унаа башкаруу боюнча - 4 миң. 997 айдоочу;

- унааны мас абалында башкаруу боюнча - 337 айдоочу;

- жол белгилерин сактабоо боюнча – 3 миң. 585 айдоочу;

- алдыңкы, эки капталындагы айнектери караңгылатылган унааларды башкаруу –– 89 айдоочу;

Андан тышкары, 1 миң 237 унаа атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий