• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бир жумада өлкө боюнча дээрлик 16 миң жол эрежесин бузуу катталды

Коом 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Бир жумалык рейддин жыйынтыгында өлкө боюнча 15 миң 939 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашыруу - 2080;

- тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаруу - 234;

- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 5195;

- ТК каттоо тартибин бузуу – 33;

- жасалма мамлекеттик номер – 3;

- мамлекеттик номери жок – 8;

- ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбоо – 24;

- Курамдык бөлүктөрүнүн идентификациялык номерлери каттоо документтериндеги жазууларга ылайык келбеген транспорт каражаттарын пайдалануу же аларды жок кылуу же болбосо жалган жасоо – 3;

- Автоээнбаштык – 12;

- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузуу – 88;

- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 147;

- Кооптуу жүкташуу эрежелерин бузуу – 4;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбоо – 7190;

- унаанын айнектери караңгылатуу - 76;

- мас абалында транспорт каражатын башкаруу – 278;

- унаа токтотуучу жайга токтотулду – 765.

КР ИИМдин ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылып, өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин эскертет.

“Бардык жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ЖКККББ жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында рейддик иш-чараларды өткөрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий