• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бир жумада Ош шаарынын аймагында 20 мас айдоочу кармалып, 208 кылмыштын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Өткөн жумада Ош шаарынын аймагында 20 мас айдоочу кармалып, 208 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өткөн жума аралыгында Ош шаарынын аймагында жалпысынан 265 кылмыш катталып, милиция тарабынан 208 кылмыштын изи сууй электе ачылган. Кылмыштардын ачылуу пайызы 78,4%ды түзгөн.

Милициянын кайгуул кызматы тарабынан 1 миң 285 жол эрежесин бузуу катталып, алардын ичинен 20 мас айдоочу кармалган. 9 жаран убактылуу баш калкалоочу жайга жеткирилип, «102» кызматы аркылуу келип түшкөн 78 чакыруу боюнча тийиштүү даректерге чыгып келишти.

Ошондой эле өткөн жумада Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шаардын аймагында «Камкордук» аталышындагы кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган иш-чараны башташты.

Пикир

Оставить комментарий