• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир жумада Ош шаарынын аймагында 206 кылмыш катталды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Ош шаарында коомдук, саясый абал тынч. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп турушат. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, Ош шаарынын аймагында жааган кардан улам пайда болгон аба ырайынын шартына байланыштуу патрулдук милиция кызматы жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте күчөтүлгөн тартиптке кызмат өтөп жатышат.

Өткөн жума аралыгында Ош шаарынын аймагында жалпысынан 206 кылмыш катталды. Анын 162синин бети изи сууй электе ачылган. Бир адам өлүмүнө алып келген өзгөчө оор кылмыш катталып, патрулдук милиция кызматы тарабынан бул кылмышка шектүү адам кармалган.

Патрулдук милиция багыты боюнча өткөн жума аралыгында Ош шаарынын аймагында 980 жол кыймылынын эрежесин бузган факт катталды. Арасында айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр дагы бар. 10 айдоочу автоунаасын мас абалда айдап бара жатып кармалышкан. 20 туруктуу жашаган жери жок жарандар убактылуу баш калкалоочу жайга жеткирилди.

«102» кызматынын тапшырмасы менен 48 ирет жарандардын чакырууларына барып, жарандардын коопсуздугун камсыз кылышты.

Пикир

Оставить комментарий