• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бир жумада жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номерлүү 336 унаа кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.02.21. /Кабар/. Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери 12-февралдан 19-февралга чейин каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айыппулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 336 унааны аныктады.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, алардын ичинен 73ү Россиянын, тогузу Армениянын, сегизи Азербайжандын, 229у транзиттик номерлер, 17си башка чет өлкөлүк номерлүү унаалар.

Булардын баарына КР Бузуулар тууралуу кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 9 чет өлкөлүк унаалар ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди.

Милициянын кайгуул кызматы атайын коопсуз шаар долбоорунун алкагында коюлган видео көзөмөлдөрдөн жашынып, же видео көзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен катуу ылдамдык менен айдаган айдоочуларга, ошондой эле каттоо мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк транзиттик номерлүү унааларга карата мындан арыда текшерүү жана чара көрүү иштерин улантат.

Пикир

Оставить комментарий