• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир жуманын ичинде 13 млн. сомго жол эрежесин бузуу катталды

Коом 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Бир жуманын ичинде айдоочулар тарабынан дээрлик 13 млн. 250 сомго жол эрежесин бузуулар катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздун камсыз кылуу башкармалыгынан кабарлашты.

Ведомствонун кызматкерлери 8нен 14-июнга чейин 23 миң 226 жол эрежесин бузууну аныкташкан.

Алар;

- Жол чыракка баш ийбөө – 815;

- Коопсуздук куру жок – 5 миң 410;

-Мас абалында унаа башкаруу – 160;

- Жол белгилерин сактабоо – 4 миң 422;

- Алдыңкы, эки капталындагы айнектери караңгылатылган унааларды башкаруу –73;

-Жогорку ылдамдыкта – 3 миң 59.

Андан тышкары, 672 унаа атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Салынган айыптын болжолдуу суммасы – 13 млн. 250 миң сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий