• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бир жуманын ичинде 18 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталды

Кырсык 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери бир жуманын ичинде 18 миңден ашык жол кыймылынын эрежесин бузууларды аныкташкан.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 2018-жылдын 29-июнунан 5-июлга чейин КР ЖКККББсы тарабынан 18 миң 277 жол эрежесин бузуу аныкталган.

Алар:

- Жол чыракка баш ийбөө – 624;

-Мас абалында унаа башкаруу – 151;

- Жол белгилерин сактабоо – 3 миң 155;

- Алдыңкы, эки капталындагы айнектери караңгылатылган унааларды башкаруу –64;

-Жогорку ылдамдыкта – 2 миң 474;

-23 айдоочу коркунучтуу жана оор жүк ташуучу эрежелерин бузушкан;

-айдоого укугу жок 13 айдоочу аныкталган.

Андан тышкары, 495 унаа атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий