• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бир жуманын ичинде Бишкекте төрт бала жоголгон

Коом 0

Бишкек, 18.12.17./Кабар/. Бир жуманын ичинде Бишкекте төрт бала жоголуп, кийинчерээк алар табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилген,-деп билдирет Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 7нен 14-декабрь күндөрү калаада төрт бала жоголгон: Биринчи май районунда– 2, Свердлов районунда – 1, Октябрь районунда – 1 бала.
“Бардык жоголгон балдар табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилген”,-деп айтылат маалыматта.
ШИИБ ата-энелерди балдарга көбүрөөк көңүл буруп, алар менен сүйлөшүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий