• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир жуманын ичинде Кыргызстанга Россиядан 4 миңге жакын жаран келди

Коом 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. 10-17-август күндөрү чартердик аба каттамдар менен Россиядан 3 миң 915 жаран кайтарылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

10-17-август күндөрү Кыргызстанга 20 чартердик аба каттам уюштурулган:

- 7 аба каттам Москва шаарынан Бишкек жана Ош шаарларына 1 миң 687 жүргүнчү менен;
- 4 аба каттам Новосибирск шаарынан Бишкек жана Ош шаарларынаа 688 жүргүнчү менен;
- 5 аба каттам Екатеринбург шаарынан Бишкек жана Ош шаарларына 903 жүргүнчү менен;
- 4 аба каттам Санкт-Петербург шаарынан Бишкек жана Ош шаарларына 637 жүргүнчү менен.

"Жалпысынан аба каттамдар убактылуу токтотулгандан баштап 20-марттан тартып 17-августка чейин Россиянын 21 аймагынан 30 миң 656 мекендеш кайтты. Россиядан 121 аба каттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 95 автобус уюштурулган. Эскерте кетүүчү нерсе, чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүсүн чектөө чаралары Россияда улантылууда. Ушуга байланыштуу, азыркы учурда олуттуу себептери жок Кыргызстандын жарандары Россиянын аймагына киргенге мүмкүнчүлүктөрү жок", - деп билдирет элчилик.

Элчилик Кыргызстан менен Россиянын ортосунда туруктуу аба каттамдар жандана электигин жана орус-казак чек арасы да жабыктыгын эске салат.

"Эпидемиологиялык кырдаал татаал болгондугун эске алып, мекенине тез арада чыгууга зарыл себептери жок жарандарды, мүмкүн болсо, кырдаал турукташмайынча Кыргызстанга кайтуудан баш тартууга чакырабыз", - деп билдиришти элчиликтен.

Бүгүнкү күнгө чейин элчиликтин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн сайттарында, ошондой эле, социалдык тармактарда (Instagram – predstavitelstvo_migrasii_kr; Facebook – Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү) 4 миңден ашык вакансия жөнүндө маалымат жайгаштырылган.

Жумуш табуу боюнча жардам керек болсо Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүнө төмөнкү дарек боюнча жарандар кайрылса болот: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү 12а; байлыныш телефондору: +7 (977) 597 37 03; +7 (901) 706 13 56 (WhatsApp); + 7 (901) 761 11 96; +7 (980) 078 03 32; + 495 780 74 12, + 495 780 74 10, + 495 780 74 12; электрондук дарек: predmigration@mail.ru.

Пикир

Оставить комментарий