• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бир жыл ичинде "Түндүк" системасына 60 мамлекеттик орган кошулган

Коом 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Бир жыл ичинде "Түндүк" системасына 60 мамлекеттик орган кошулган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Электрондук өз ара аракеттешүү борбору" мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева билдирди.

Ал белгилегендей, "Түндүк" системасы аркылуу 24 мамлекеттик орган өз ара маалымат алмаша алат. Ушул жылдын июль айына карата маалымат алмашуулар 1,9 миллионго жеткен.

Анын айтымында, ИИМ, Мамлекеттик каттоо кызматы жана Каржы министрлиги электрондук маалымат алмашууну көбүрөөк колдонот.

Аталган ишкананын жетекчисинин орун басары Азамат Буржуев белгилегендей, 2019-жылдын аягына чейин 11 маалымкатты алуу автоматташтырылат. Башкача айтканда, маалыматты сураган мамлекеттик орган аны тиешелүү органдан онлайн түрүндө ала алат.

"12-июндан тарта Мамлекеттик сатып алуу порталында салык бересеси жоктугу тууралуу маалымкатты кагаз түрүндө берүү алып салынган. Эми ишкерлер үчүн Салык кызматына баруунун кажети жок. Себеби, ал маалыматты Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин порталында автоматтык түрдө Салык кызматынан алууга болот. Аны Мамлекеттик сатып алуулардын сайтындагы сынактарга катышкан бизнестин 43 миң субъекти колдонгон", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий