• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бир жыл кызматта – Жээнбеков 2018-жылдагы негизги жыйынтыктар тууралуу айтты

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын негизги жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

Маалымат жыйыны учурунда ал бул жыл тарыха кирерин жана буга бир катар окуя себеп экенин билдирди.

“Бул жыл туура саясаттагы жыл болду. Бийликтин үч бутагы тең өлкөнүн өнүгүүсү үчүн чоң салым кошту. Биз өзүбүздүн программабыздын үстүндө иштедик. Биринчи чечилүүнү талап кылган маселе коңшулар менен мамилени жакшыртуу эле. Мен баардык коңшу мамлекеттерге бардым. Мындан тышкары Түркия, Европа Биримдигине жана башка мамлекеттерде болдум”, - деди ал.

Мамлекет башчысы 2018-жылдын эң ири иш-чарасы катары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын айтты.

“Үч жылдан бери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши өтпөй келген. Биз аны быйыл Чолпон-Атада өткөрдүк. Андан кийин жазуучу, ойчул Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрдүк. "Doing Business" рейтинги боюнча Кыргызстан 77-саптан 70-орунга көтөрүлгөнү бизди кубандырды”, - деп кошумчалады президент.

Ошондой эле мамлекет башчы бул жылы кадрдык өзгөрүүлөр көп болгонун белгиледи.

“Ага карабай экономиканын өсүшү 3,1%ды түздү. Салык жана бажы төлөмдөрүнөн жакшы көрсөткүчтөр бар – 3,5 млрд. сом жана 6,9 млрд. сом”, - деди ал.

Президент мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ата-энесине же туугандарына социалдык төлөм бериле баштаганы чоң жетишкендиктердин бири экенин билдирди.

Ошондой эле ал аймактарды өнүктүрүү маселелерине токтолду. Ал жергиликтүү бийлик көп жагынан чектелип келгенин, буга байланыштуу мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөр киргизилип жатканын айтты.

“Баардык насыялар, гранттар, мүмкүнчүлүккө жараша бюджеттеги каражаттар аймактарды өнүктүрүүгө жумшалды. Муну менен токтолуп калбайбыз. 2023-жылга чейин жумуш аткарылат. Мисалы “Таза суу” долбоору боюнча иштер жүрүүдө”, - деди С.Жээнбеков.

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу, өлкөнү санариптештирүү, сот жана укук коргоо системаларын реформалоо аркылуу коррупция менен күрөш болорун белгиледи.

“2018-жылы мен баардык ЖМКнын жетекчилери, жарандык коом, донорлор, мурунку өкмөт башчылар, төрагалар жана мекендештер менен жолугушуу өткөргөнүмдү белгилеп кетким келет. Мен алардын пикирин тыңдадым. Жыл башында өлкөнүн интеллигенциясы менен жолугушкум келип турат. Менин максатым өлкөнү жана коомду өнүктүрүү”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий