• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бир жылда дээрлик 12 миң адам укуктук жардам сурап омбудсмен аппаратына кайрылган

Коом 0

Бишкек, 8.12.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев омбудсмен институтунун 2017-жылдын 11 айындагы жыйынтыгын чыгарды.

Оторбаевдин айтымына ылайык, акыйкатчынын аппаратына 11 миң 910 адам кайрылган, алардын ичинен 2 миң 836 кат түрүндө жазылган азыр жана билдирүүлөр каралган.

Анын айтымына караганда, 2016-жылы аппаратка 16 миң жаран кайрылган, бул жылы болсо дээрлик 12 миң адам.

Ал билдиргендей, арыздар 14 күндүн ичинде каралып чыгат.

Оторбаев кошумчалагандай, бул убакыт аралыгында 1,3 миңден ашуун соттук процесстерге байкоо жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий