• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бир жылда Кыргызстанда жер казынасын пайдалануучулар 100 млн. сомго зыян алып келген

Президент 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. 2018-жылы Кыргызстанда жер казынасын пайдалануучулар 100 млн. сом зыян алып келген. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин отурумунда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, бюджетке 35 млн. сом кайтарылган. Ошондой эле өткөн жылы Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин адистеринин ишинде 39 бузуу болгону аныкталган. Алардын 17си боюнча бузууларды жоюу үчүн прокурордук сунуштамалар берилген жана 24 киши кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Коопсуздук кеңешинин отуруму Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Күн тартибинде «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе.

Пикир

Оставить комментарий