• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бир жылдан кийин КРда Бажы биримдигинин мунай коопсуздугу боюнча техрегламенти күчүнө кирет

Коом 0

Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. 2019-жылдын 12-августунан тарта Кыргызстанда Бажы биримдигинин мунай коопсуздугу, аны даярдоо жана ташуу боюнча техникалык регламенти күчүнө кирет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алымбек Орозбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, андан тышкары көрсөтүлгөн убакытта автоунаа, аба жана дизелдик күйүүчү май, мазут ж.б., боюнча талаптар күчүнө кирет.

“Ага байланыштуу биз ар дайымкы тартипте мунай иштетүүчү ишканалар менен жолугушууларды өткөрүп жатабыз. Алар сапаттуу өндүрүштү өндүрүп чыгуу жана модернизация кылуу үчүн инвестицияны тартуу боюнча ишти башташты. Бул жерде кыйынчылыктар бар, анткени ишкананы модернизация кылуу көп каражатты талап кылат. Биз Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды алга жылдыруу боюнча агенттиги менен бул багытта иштеп жатабыз”, -деп билдирди ал.

Орозбеков Кыргызстанда 2018-жылда 12 техрегламент күчүнө киргендигин билдирип, алардын 4ө Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине тиешелүү экендигин кошумчалады.

Ал ведомстводо аталган техникалык регламенттерди ишке киргизүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жаткандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий