• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 13 миллион сомдон ашык каражат которулду

Коом 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (ЭКККМК) бирдиктүү депозиттик эсепке 13 миллион 81 миң 330 сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

ЭКККМК тарабынан бирдиктүү депозиттик эсепке которулган каражаттардын жалпы суммасы 226 миллион 685 миң 121 сомду түздү.

«Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтом Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган процедураларды эске алуу менен кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий