• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МСК: Бирдиктүү салык декларацияны кабыл алуу боюнча кампания старт алды

Коом 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясын баштады.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, кезектеги декларациялык кампания эки этапта өтөт. Ага ылайык 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелери ошондой эле, жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Демек, ушул жылдын 1-мартына чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, 2021-жылга карата Бирдиктүү салык декларациясы 2021-жылдын 31-декабрына карата белгиленген формаларга жана мөөнөттөргө ылайык берилет. Кийинки жылдан тартып жаңы формалар жана мөөнөттөр боюнча бериле баштайт.

Толук маалыматты 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий