• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Бирге окуйбуз” долбоору Жалал-Абаддагы мектептерге китептерди тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы жыйырма мектептин башталгыч класстары үчүн кыргыз тилинде 2800 дөн ашуун китеп тапшырылды. Жалпысынан ЮСАИД Кыргызстандын мектептери үчүн 264 миңден ашык китептерди тапшырган. Бул тууралуу маалыматты аталган долбоордун Жалал-Абад областы боюнча мониторинг жана баалоо координатору Айпери Калбекова билдиргенин Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы маалымдады.

Анын айтымында, китептертерди тапшыруу расмий аземи Жалал-Абад шаарындагы №3 Ж.Бакиев атындагы орто мектепте өткөрүлдү.

“Шаардагы ар бир мектеп 123 китептен алат. Китептер алгачкы окурмандарга ылайыкталган, кыргыз тилинде жазылган жомоктор, окуялар, табышмактар жана ырларды камтыйт. Китептер ЮСАИДдин “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында берилип жатат. Аталган долбоор өлкө боюнча 60 пайыз мектептерде иштеп, башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жогорулатуу максатын көздөйт”,-дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий