• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Бирге жеңебиз" штабы тарабынан 2,3 миң үй-бүлөгө жардам таратылды – Жалал-Абад шаарынын коменданты

Аймак 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда "Бирге жеңебиз" штабы тарабынан 2,3 миң үй-бүлөгө жардам таратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, "Бирге жеңебиз" штабынын алкагында бир топ фонд жана уюмдар биригишкен.

"Бирге жеңебиз" штабы комендатуранын алдында түзүлгөн. Ал Жалал-Абад жаан Сузак районундагы социалдык мамлекеттик мекемелерге жардам иретинде түзүлгөн. Штабда жергиликтүү бийлик, жарандар тарабынан түзүлгөн штабдын мүчөлөрү бар. Ал жерде жарандардан келген жардамдар көмөк сурап кайрылгандарга жеткирилип берилүүдө. Учурда 2,3 миң үй-бүлөгө жардам жеткирилди. Ошол эле учурда кечээ Бишкек шаарындагы фонддон 1 миң коробка азык-түлүк келди. Биздин штабдын мүчөлөрү аларды тарата баштады", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий