• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Биргелешкен кыргыз-орус билим берүү уюмдарын куруу маселелери талкууланды

Билим 0

Бишкек, 25.05.21./Кабар/. Бүгүн видео-конференц-байланыш режиминде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маселелер боюнча толук пикир алмашуу жүрдү, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен кыргыз-орус билим берүү уюмдарын куруу, республиканын таланттуу жана зээндүү балдары үчүн «Артек» эл аралык балдар борборунда жайкы эс алууну уюштуруу маселелери талкууланды.

Б. Купешев жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, узак мөөнөттүү жана эффективдүү иштөө форматындагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө үмүт артып жатканын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар бардык маселелерди сапаттуу жана ыкчам иштеп чыгуу максатында ушул сыяктуу жолугушууну такай өткөрүп турууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий