• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бириккен Араб Эмирлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Бириккен Араб Эмирлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Ага ылайык, БАЭнин улуттук авиакомпаниянын "Etihad Airways" учагы бүгүн, 23-апрелде эл аралык "Манас" аэропортуна конду. Медициналык дары-дармектер жана жеке коргонуучу каржаттар түрүндөгү гуманитардык жардам Кыргызстандагы коронавирус менен күрөшүүгө багытталат.

"Жардам 2020-жылдын 6-апрелинде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы, Бириккен Араб Эмирлигинин куралдуу күчтөрүнүн жогорку колбашчысынын орун басары шейх Мохаммед бин Заед Аль Нахаян менен болгон телефон сүйлөшүүсүнүн натыйжасында мүмкүн болду", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий