• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бириккен күрөш дүйнөсү Айсулуу Тыныбекова тууралуу ролик жарыялады

Спорт 0


Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) спортчу Айсулуу Тыныбекова тууралуу ролик жарыялады.

Ал видео аталган уюмдун instagram баракчасында жарыяланган.

UWW уюму Тыныбекованын 2019-жылы Казакстанда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышканы тууралуу айтып берип, видеодо кыргызстандык спортчунун алтын үчүн күрөшкөн кармаштары көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, былтыр Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында Тыныбекова 62 килограмм салмакта алтын медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий