• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Биримдик, ишеним жана жаратмандык” – Абылгазиев депутаттарга программасын сунуштады

Саясат 0

Бишкек, 20.04.18. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри кызматына талапкер Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште өз өкмөтүнүн “Биримдик, ишеним жана жаратмандык” программасын сунуштады.

Ал өз сөзүндө Кыргызстан көз карандысыздык алгандан бери өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө тоскоол болгон көптөгөн саясий өзгөрүүлөрдү кечиргенин белгиледи.

Абылгазиев акыркы жылдары Кыргызстанда бир топ жакшы жагдайлар байкалып жатканын, алардын бири бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү экенин айтып өттү. Анын айтымында, бүгүнкү күнү Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшө алды жана бул багыттан тайбай бара жатканы абдан маанилүү. Ал үчүн талапкер белгилегендей, элдин биримдигин сактап, бардык бийлик бутактарынын тыгыз кызматташуусу керек. Бул аспект ал сунуштаган программанын биринчи пунктунун түшүндүрмөсү болду.

“Эгерде өлкөдө биримдик болсо, өнүгүү болот. Кыргызстандын эли президент катары Сооронбай Жээнбековду шайлап, ага чоң ишеним көрсөттү. Ал мамлекет башчы катары өз ишин баштады жана өзүнө жүктөлгөн элдин үмүтүн актоого бардык аракетин жумшап жатат”, - деди Абылгазиев.

Ал президенттин аракеттерин колдоп, бардык күчтү элдин ишенимине ээ болууга жумшоо керектигин баса белгиледи.

“Биримдиктүү болуп, биргелешип иштеп гана буга жетише алабыз. Элдин ишенимин актоо менен биз өлкөнү жаратмандыкка алып барабыз”, - деди Абылгазиев өз программасынын экинчи жана үчүнчү аспектилерин чечмелөөдө.

Пикир

Оставить комментарий