• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Биримдик” курамасы Ноорузга карата өткөрүлгөн көк бөрү турниринде 3-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 21.03.18. /Кабар/. Сокулуктун “Биримдик” курамасы Ноорузга карата өткөрүлгөн көк бөрү боюнча турнирде үчүнчү орунду ээледи.

Коло үчүн болгон беттеште “Биримдик” курамасы 6:1 эсеп менен Бишкектин “Арашан” курамасын жеңил алды.

Бүгүн көк бөрү боюнча турнирдин финалында Таластын “Ынтымак” жана Оштун “Достук” курамалары беттешет. Оюн 14:00дө башталат.

Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматы боюнча, турнирдин жалпы байге фонду 1 млн сом. Турнирдин жеңүүчүлөрүнө 400 миң сом, 2-орунга 200 миң сом, 3-орунга – 100 миң сом, ал эми төртүнчү орунга – 75 миң сом берилет.

Эске сала кетсек, “Ынтымак” жана “Достук” буза чейин өз ара жети жолу беттешкен. 2017-жылы “Ынтымак” “Достукту” жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий