• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Биримдик» ѳлкѳнүн түштүк аймагындагы үгүт ишин старт берди!

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 5-сентябрда «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» саясий партиясы ѳлкѳнүн түштүк аймагындагы үгүт иштерине старт берди. Партиянын иш-чарасы Оштун символуна айланган касиеттүү Сулайман-Тоонун астында ѳтүп, ага партиянын лидерлери, мүчѳлѳрү, жаштар канатынын ѳкүлдѳрү жана Ош шаарынын тургундары катышты.

Иш-чараны партиянын лидери Марат Аманкулов ачып, партиянын идеологиясы, максаты тууралуу айтып берди. Партиянын алдыда кылчу иштери жѳнүндѳ маалымат берди.

«Биримдиктин» тѳрагасынын орун басары Тѳрѳбай Зулпукаров партиянын алган багыты, программалык максаттары, Евразиялык тандоо идеологиясын сунуштап жатканын айтып, 4-октябрдагы добуш берүү күнүндѳ колдоого алууга чакырып ѳттү.

Партиянын шайлоо тизмесин баштап бараткан Улукбек Кочкоров да сѳз сүйлѳп, ѳлкѳдѳгү кѳйгѳйлѳрдү чечүүдѳгү партиянын багыттарын, сунуштарын айтты. Партия шайлоодо жеңишке жетишсе, экономикалык, социалдык, элдин турмушун оңдоо багытында конкреттүү кандай иштерди кыларына токтолду.

«Биримдик» саясий партиясынан талапкер, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева ѳз сѳзүндѳ биригүүгѳ, сѳздѳн ишке ѳтүүгѳ убакыт келгенин айтты. «Биз баштаган иштер тарыхый ѳзгѳрүүлѳрдүн башаты болоруна ишенем! Биз биримдик, ынтымак менен баарына жетишебиз! Эмне үчүн «Биримдик»? Себеби, бизге биригүүгѳ мезгил келди! Сѳздѳн ишке ѳтүүгѳ мезгил келди!» - деди.

Мындан сырткары, партиянын Жогорку Кеңешке талапкери Субхатилло Мирзаев, жаш активист Медербек Абдыманапов, эмгектин ардагери, коомдук ишмер Сайракан Юсуповалар сѳз сүйлѳшүп, партияга алдыдагы шайлоодо жеңишке жетишин каалап ѳтүштү.

Андан кийин Ош шаарынын аксакалы, легендарлуу парламенттин депутаты Нурумбетов Балтагул «Биримдик» партиясындагыларды ѳлкѳ үчүн кызмат кылууга чакырып, ак батасын берип, шайлоодо ийгилик каалады.

Иш-чара «Биримдик» партиясынын гимни ырчы Ильяз Абдразаковдун аткаруусу менен жыйынтыкталды.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Пикир

Оставить комментарий