• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 700 дарак электрондук каттоого алынды - Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарында ыктыярчылар муниципалитетке жашыл өсүмдүктөрдү каттоого жардам беришүүдө. Бул тууралуу бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2 жуманын ичинде ыктыярчылардын биринчи нөөмөтү маалымат базасына 700гө жакын дарактарды киргизди.

Анын ичинен 378и "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын балансында турган "жашыл өсүмдүктөр".

Бүгүн ишкананын башкы агроному Б. Жумалиев ыктыярчылардын жардамы жана күжүрмөн эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, каттарды тапшырды.

Эске салсак, Эмен паркында биринчи жолу электрондук инвентаризация жүргүзүлө баштаган, алгачкы жүз эмен дарагы саналып бүткөн. Бүт процессти «Арча» коомдук фондунун координатору жана ишкананын башкы агроному көзөмөлдөшкөн.

Эми 700 жашыл дарактын саны, жайгашкан жери, түрлөрү, сугаты жана абалы жөнүндө маалыматтар киргизилген "медициналык карталары" бар. Бул программанын алкагында ишкананын кызматкерлери аларды багуу жана дарылоо үчүн керектүү болгон каражатты алдын ала эсептей алышат.

"Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз биздин жумушка кошулууга даяр болсоңуз жана эмне үчүн дарактарды инвентаризациялоо жүргүзүлүп жаткандыгын билгиңиз келсе, 0703 483 777 номерине кайрылыңыз. Сиз инвентаризациянын биринчи этабы кандайча ишке ашканын, кандай кызыктуу ачылыштар болгонун биле аласыз. Биз шаардагы бактарды инвентаризациялоо боюнча өзүбүздүн жана эл аралык тажрыйбабыз менен бөлүшөбүз жана демилгени ишке ашыруу боюнча жакынкы пландарыбызды аныктайбыз", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий