• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Биринчи айым Айгүл Жапарова I кыргыз-россиялык Аялдар форумунун ачылышына катышты

Коом 0

Бишкек, 06.03.23./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн, 6-мартта “Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-россиялык Аялдар форумунун ачылышына катышты.

Биринчи айым жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Кыргыз Республикасынын маданий салттарына арналган көргөзмөнү көрүп чыгышты.

Аялдар форумунун ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Жамиля Исаева, КР саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова, КР билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жана башкалар катышты.

Өзүнүн ачылыш сөзүндө Айгүл Жапарова бүгүнкү Форумдун темасы эки өлкөнүн жаш муундарынын жаркын келечегин камсыз кылуу үчүн Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын ортосундагы тыгыз жаратмандык диалогду өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.

Биринчи айым Форум салтка айланып, аны жыл сайын уюштуруу заманбап коомдо аялдарды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин чечүүдө жаңы демилгелерди жана бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгууга салым кошоруна ишенимин билдирди.

«Биргелешкен күч-аракеттер менен биз Кыргызстандын жана Россиянын аялдарынын дараметин толук ачуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өз салымыбызды кошобуз деп ишенем. Бул жалпы максатка жетүү үчүн бекем укуктук базаны түзүп, керектүү мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана аялдардын бирикмелеринин ишмердүүлүгүнө ар тараптан жардам берүү маанилүү, деп эсептейм.

Бул жагынан бизде абдан жакшы, өрнөктүү мисал катары Евразиялык Аялдар форумун айтаар элем», — деди Айгүл Жапарова.

Биринчи айым бүгүнкү күндө аялдар коомдо маанилүү орунду ээлеп, коомдук-саясий иштерге катышып, ири бизнес долбоорлорду ишке ашырып, эки өлкөнүн бакубаттуулугун камсыздоого чоң салым кошуп жатканына токтолду. Биз жарандык коомдун өнүгүү процесси дүйнөдөгү аялдардын ролунун сөзсүз түрдө өзгөрүшүнө алып келе турганына күбө болуп жатабыз. Аялдар чечимдерди кабыл алууга көбүрөөк катыша баштады, гендердик теңчиликти ар тараптуу коргоо активдүү алдыга жылып, анын көп кырдуу аспектилери эске алынууда.

Ошол эле учурда Айгүл Жапарова Кыргызстан менен Россиядагы аялдардын диалогунун негизги факторлорунун бири – орус тилине кеңири токтолду.

“Кыргызстанда орус тилин жана маданиятын урматтоого өзгөчө маани береилет”, - деп баса белгиледи Биринчи айым.

Республика боюнча орус тилинде окуткан мектептердин саны 2333, анын ичинен 247 - орус тилинде окуткан мектептер, деп кошумчалады. Жакынкы арада Россия тарап менен биргеликте Кыргызстанда орус тилинде окуткан 9 жалпы билим берүүчү мектепти куруу боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашырууну баштоо пландалууда.

“Мунун баары биздин балдарыбызды орус тили, адабияты жана маданияты менен тааныштырууга, жаркын келечек үчүн ар кандай деңгээлдеги диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар экенибизди айгинелейт. Аял – биринчи кезекте мээримдүү эне, үйдүн коломто отун сактоочу, үй-бүлөнүн куту жана бейпилдиги. Ушуга байланыштуу биз эне менен баланын жашоо сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруудабыз”, - деди ал.

Биринчи айым биринчи кезекте өлкө боюнча эне-балага жардам берүү, алардын жашоо сапатын жакшыртуу, потенциалын коргоо жана өнүктүрүү максатында түзүлгөн «Эне - балага тирек» коомдук фондун жетектей турганын эске салды.

Ал ошондой эле Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетишүү боюнча көрүлүп жаткан аракеттер жана чаралар тууралуу айтып берди. Өлкөдө ырааты менен шарттар түзүлүп, мамлекеттик башкарууда жана республиканын коомдук турмушунда аялдардын ролун жогорулатуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

«Биздин кыз-келиндер ар түрдүү тармактарда иштешет. Кыргызстандын экономикалык турмушуна активдуу катышууда. Алардын ийгиликтүү экономикалык ишмердүүлүгү мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң салым кошууда», - деп Айгүл Жапарова баса белгиледи.

Биринчи айым Айгүл Жапарова сөзүнүн аягында Форумдун бардык катышуучуларын келе жаткан Аялдардын Эл аралык күнү менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай, ынтымак жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий