• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Биринчи бөлүк: Кыргызстандын хоккейчилери Иранды 4:1 эсебинде утууда

Спорт 0

Бишкек, 03.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 3-мартта, Бишкекте 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты старт алды.

Мелдеш шаардык муз аянтында 3-8-март аралыгында өтүүдө.

Чемпионаттын алкагында Кыргызстандын курамасы Ирандын командасы менен муз талаасына чыкты. Оюндун биринчи бөлүгү 4:1 эсебинде Кыргызстандын курамасынын жеңүүсү менен аяктады. Алдыда дагы оюндун эки бөлүгү бар.

Буга чейин Малайзия менен Кувейттин командалары оюн өткөрүп, 5:2 эсебинде Малайзия атаандашын утуп алган.

Эскерте кетсек, аталган турнирде жалпы жонунан беш команда: Кыргызстан, Иран, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын курама командалы күч сынашууда.

Оюндун жүгүртмөсү:
1-тур 3-мартта өтөт:
Саат 20:00дө Кыргызстан — Иран (оюн жүрүүдө).
2-тур 4-мартта өтөт:
Саат 19:00дө Сингапур — Иран.
3-тур 5-мартта өтөт:
Саат 17:30дө Кувейт — Сингапур;
Саат 20:00дө Кыргызстан — Малайзия.
4-тур 6-мартта өтөт:
Саат 19:00дө Иран — Кувейт.
5-тур 7-мартта өтөт:
Саат 17:00дө Малайзия — Иран;
Саат 20:00дө Кыргызстан — Сингапур.
6-тур 8-мартта өтөт:
Саат 17:00дө Сингапур — Малайзия;
Саат 20:00дө Кыргызстан — Кувейт.

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстандын аймагында биринчи жолу өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий