• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Биринчи бөлүк: Кыргызстандын футболчулары Монголиянын дарбазасына 2 гол киргизди

Спорт 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Монголиянын дарбазасына оюндун биринчи бөлүгүндө 2 гол киргизди.

Оюндун 14-мүнөтүндө Ак шумкарлардын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов каршылашынын бош дарбазасына топту тээп, гол киргизди.

Ал эми беттештин 42-мүнөтүндө Мирлан Мурзаев чыгарылып берилген топту голго айлантты.

Оюн 2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна (2023-жылы) тандоо турунун алкагында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий