• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Биринчи Элдик курултайдан фоторепортаж

Курултай 0

Бишкек, 26.11.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 25-26-ноябрь күндөрү Бишкекте өткөн Биринчи Элдик Курултай өз ишин аяктады.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрүнөн турган миңден ашуун делегат катышты.

Курултайдын ишинин жүрүшүндө өлкөнүн бардык аймактарынан келген делегаттар кошуна мамлекеттер ортосундагы чек ара маселелери, билим берүү, таза суу жана сугат суу менен камсыздоо, айыл чарбасы, дыйкандарга жеңилдетилген насыялар, калкты тейлөө борборлорунун көйгөйлөрү, коррупциялык терс көрүнүштөр, райондор ортосундагы талаштуу жайыттар, эскилиги жеткен имараттар, ички жолдордун абалы ж.б. маселелер боюнча ар кандай темаларды көтөрүштү.

Курултайдын ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып, Садыр Жапаров делегаттар көтөргөн темалар чечим чыгаруунун кайсы баскычында экенине кеңири токтолду.

Айрыкча Президент коңшу мамлекеттердин ортосундагы чек ара маселелери кандай чечилип жатканын, миграцияга, мамлекеттик системадагы коррупцияга, мамлекеттик ипотекалык насыяга, социалдык объектилердин курулушуна жана абалына, жеңилдетилген насыяларга, өлкөнүн бюджетинин кирешелер бөлүгүн толуктоого байланышкан маселелер боюнча кеңири айтып берди.

Садыр Жапаров ошондой эле өлкөдөгү кендерди иштетүүгө байланыштуу мүмкүн болгон тобокелдиктер, армиядагы шарттарды чыңдоо жана жакшыртуу ж.б. суроолорго жооп берди.

Мамлекет башчысы мамлекеттик чек ара маселелери сүйлөшүү жолу менен гана чечилерин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров улуттун менчиги болгон "Кумтөр" кени, аны кайтаруу процессиндеги кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстанга кайтарылганына токтолуп, басым жасады. Учурда Кыргызстандын Улуттук банкында 40 тоннага жакын "Кумтөр" алтыны сакталып турат.

Президент ошондой эле мамлекеттик системадагы кадр саясаты, кармалган активисттер, мамлекеттик казынага кайтарылган миллиарддаган сомдор, чет мамлекеттерде жазасын өтөп жаткан 900 кыргызстандыкты экстрадициялоо боюнча суроолорго жооп берди.

Ошону менен бирге Мамлекет башчы жергиликтүү бийлик башчыларын ротациялоо, Баткен облусун калыбына келтирүү, Президенттин жана Өкмөттүн эки Аппаратынын бириктирилгенден кийинки оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Жогорудагы сунуштардын жана сын-пикирлердин негизинде Мамлекет башчы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, мамлекеттик органдарга делегаттар тарабынан айтылган маселелерди чечүү боюнча өз убагында тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров Курултайдын катышуучуларына, бардык жарандарга кайрылып, өлкөдөгү өздөрү күбө болгон мыйзам бузуулар тууралуу коркпой, ачык айтууну өтүндү.

Өз кезегинде делегаттар жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө байланышкан коомдук маанилүү маселелерди ортого салып, шайлоочулары жолдогон сөздөрүн айтышып, Президент Садыр Жапаровдон ар тараптуу жоопторду алып, бул Курултайды уюштуруп жаткандыгы үчүн ага ыраазычылык билдиришти.

Биринчи Элдик Курултайдын жыйынтыгы менен Резолюция кабыл алынды.

Курултайдын ишинин негизги бөлүгү аяктагандан кийин, Курултай өткөн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын залында мамлекеттик органдар тарабынан маселелерди ыкчам чечүү үчүн «бурчтар» уюштурулуп, ведомстволордун жетекчилери делегаттарды кабыл алып, суроолоруна жооп берүүсүн улантышты.

Пикир

Оставить комментарий