• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Биринчи май акимиаты маданият кызматкерлерин сыйлады

Коом 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Биринчи май райондук администрациясында маданият кызматкерлерин куттукташты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, муниципалдык администрациянын башчысы Жамалбек Ырсалиев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Райондук администрациянын Ардак грамотасы менен Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын кызматкерлери сыйланышты:

- Белекбаев Урмат Турусбекович - Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы;
- Кыдыралиев Насил Адилетович - Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
- Салыбекова Асел Абазкановна - Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын адиси;
- Искеналиев Сездбек Искеналиевич - "Семетей" ыр жана бий ансамблинин солисти;
- Баялиева Жанета Усупжановна - «Семетей» ыр жана бий ансамблинин солисти;
- Малявина-Бутабаева Наталья Евгеньевна — «Сувенир» орус ыр ансамблинин вокалисти;
- Самудинова Кымбат Абакировна – «Доор» эстрадалык фольклордук ансамблинин солисти;
- Иманалиев Рахатбек Зайнидинович - «Кыргыз руху» фольклордук ансамблинин артисти;
- Бекбосун кызы Гүлназ – «Кыргыз руху» фольклордук ансамблинин солисти;
- Спицин Петр Александрович - балдардын чыгармачылык борборунун вокал мугалими.

Борбор калаанын мэриясы маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий