• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Биринчи май райондук акимиатынын кызматкерлери COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май районунун башчысынын орун басары Аида Рысбаева жана райондук администрациянын социалдык бөлүмүнүн адистери коронавируска каршы кытайдын "Синофарм" вакцинасы менен эмделишти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эмдөө 21-28 күндүн аралыгында эки жолу жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, 29-марттан бери райондун 904 тургуну эмдөөдөн өткөн.

“Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Эмдөөгө байланыштуу бардык суроолор боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнө кайрылсаңыз болот: 546521, 546104”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий