• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Биринчи май райондук милиция кызматкерлери тарабынан уурдоо фактысынын бети ачылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.03.18 /Кабар/. Биринчи май РИИБне жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, үйүнөн “Самсунг” үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткен жаранга (аял киши) карата чара көрүүлөрүн суранган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Биринчи май райондук милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада 1998-жылы туулган К.Я. аттуу жаранды кармашкан. Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат

Пикир

Оставить комментарий