• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Биринчи май райондук соту Ниязов менен Султанбековду камакка алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын карады.

Соттун маалымат кызматы билдиргендей, Башкы прокуратуранын прокурорунун өтүнүчү Биринчи май райондук сотунун чечими менен канааттандырылды.

Фарид Ниязов сотко чейинки өндүрүш ишине чейин, тагыраагы 10-декабрга чейин №21 абакка камакка алынды. Ошондой эле "Социал Демократтар" партиясынын өкүлү Темирлан Султанбеков жана Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев да эки айга камакка алынды.

Эскерте кетсек, дем алыш күндөрү Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Курсан Асанов, Темирлан Султанбеков жана башкалар массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен кармалган.

Пикир

Оставить комментарий