• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Биринчи май райондук сотуна Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулду

Коом 0

Бишкек, 12-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун алдына мурдагы депутат С. Жапаровдун тарапташтары чогулду.

Алар С. Жапапровдун сүрөтү түшүрүлгөн футболкаларды кийип, “Жапаровго боштондук” деп кыйкырышууда.

Эскерте кетсек, ЖКнын мурдагы депутаты Садыр Жапаровду 25- мартта кармашкан. Ага каршы кылмыш иши 227, 341, 113 жана 234-беренелеринин негизинде ачылган.

Тергөө аныктагандай, 2013-жылдын 7-октябрында Караколдогу митингде «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү авто унаага өкмөттүн ал кездеги Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өклү Эмилбек Каптагаевди күч менен салып, аны барымтага алышкан. Күбөлөрдүн көргөзмөсүнө ылайык, С. Жапаров уюлдук телефон аркылуу митингдин уюштуруучуларына Каптагаевди бошотпоо жана түзүлгөн пландын негизинде иш алып баруу боюнча көрсөтмө берип турган. Жыйынтыгында милиция кызматкерлеринин ыкчам аракети менен Э. Каптагаев бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий