• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Биринчи Май райондук сотунда депутат Аида Салянованын иши каралууда

Укук тартиби 0


Бишкек, 29-май /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин Ата-Мекен фракциясынын депутаты, мурдагы башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Салянованын иши боюнча процесс башталды.

Белгилей кетсек, Аида Саляновага карата кылмыш иши 2016-жылдын 26-декабрында козголгон. Ал Юстиция министрлигинин башчысы болуп турганда, 2010-жылдагы революциядан кийин издөөдө жүргөн Алексей Елисеевге жактоочулук лицензияны мыйзамсыз узарткандыгы үчүн айыпталууда.

Төрагалык кылган сот Мирлан Термечиков.

(сүрөт Роман Гайнановдуку)

Пикир

Оставить комментарий