• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Биринчи май райондук сотунда Текебаевдин ишин кароо уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 22-июнь /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунда “коррупция” беренеси менен айыпталып жаткан “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун иши башталды.

Сот процессине экс президент Роза Отунбаева келген. Эскерте кетсек, сот ишинин жүрүшүндө Текебаевдин жактоочусу соттон убактылуу өкмөттүн бардык өкүлдөрүн, ошондой эле, президент Алмазбек Атамбаевди дагы суракка алуу өтүнүчү менен кайрылган. Ал эми Текебаев жактоочунун бул өтүнүчүн колдоорун билдирген.

Мамлекеттик айыптоочу буга каршы чыгып, сот аны кароону жылдырган. Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов Текебаевге нотариус киргизүүнү суранды. Муну ал айыпталуучунун шайлоодо кызыкчылыгын көздөө максатында нотариус жазуу түрүндө бекитиш керек деп түшүндүрдү. Сот муну канааттандырган жок.

Текебаевдин жактоочулары процесстин жүрүшүнүн протоколунда катчы видеокамераны өчүрүү боюнча сунушту жазбай койгонун эскертип, аны четтетүүнү суранды.

Судья жактоочунун бул өтүнүчүн дагы четке какты.

Мурдараак сот Текебаевдин жактоочуларынын сот залында орнотулган видеокамераларды өчүрүү талабын канааттандырган эмес.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура Текебаев менен Чотоновго каршы “коорупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин ачкан. Соттун чечими менен алар учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Айрым эксперттер, жактоочулар Текебаев президенттик шайлоого талапкер катары катталып калсын деген аракеттер менен соттук процессти созуп жатканын айтышууда.

Пикир

Оставить комментарий