• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Биринчи май районунда балдар иштери боюнча комиссия 12 материалды карады

Коом 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май районунда балдар иштери боюнча комиссия 12 материалды карады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, райондун администрациясында билим берүү борборунун, ҮМБ, психолог жана социалдык кызматкерлердин, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, “SOS Балдар айылы”, “Элим барсыңбы” коомдук фонддорунун, «Альтернатива» үй-бүлөнү калыбына келтирүү борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Комиссиянын мүчөлөрү жашы жете элек балдарга таандык мүлктүн үлүшүн сатууга уруксат берүү, социалдык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үй-бүлөнү каттоодон чыгаруу, үй-бүлө менен жекече иш жүргүзүү пландары жана баланы коргоо боюнча жеке пландарды бекитүү, үй-бүлөлүк зомбулук, балдар арасындагы укук бузуулар, жалпы билим берүү мекемелерине жайгаштыруу боюнча 12 материалды карашты.

Психологиялык жардамга муктаж жашы жете элек өспүрүмдөр КР Саламаттык сактоо министрлигинин Балдарга жардам көрсөтүү борборунун жана Республикалык психиатрия жана наркология борборунун адистерине консультация алуу үчүн жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, балдар иштери боюнча комиссиянын жыйыны жума сайын өткөрүлүп турат.

Бишкек мэриясы билдиргендей, эгерде балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуз, райондордун балдарды жана үй-бүлөнү колдоо телефонуна кайрылыңыз:

- Биринчи май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.

Балдарга жардам борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111.

Пикир

Оставить комментарий