• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Биринчи май районунун акими билим берүү мекемелеринин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 17.01.22./Кабар/. Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев райондогу билим берүү мекемелеринин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аким 225 окуучу орунга эсептелген №18 орто мектептин (Карагай тилкеси 31) кошумча окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Эки кабаттуу имараттын аянты 910 чарчы метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери 95%га аткарылып, имараттын ички жана тышкы жасалгасы, пол жана терезе-эшиктерди орнотуу, электр жана сантехника, ошондой эле жылуулук менен камсыздоо, суу жана канализация түтүктөрүн орнотуу иштери аякталды.

Подрядчы аймакты көрктөндүрүү иштерине киришти. Каражат коррупцияга каршы депозиттик эсептен бөлүнгөн.

«Дастан Групп» ишканасы Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККУ) сынагынын негизинде иштейт. Куруучулар бул ишти быйылкы жылдын аягына чейин бүткөрүүгө убада берүүдө.

Андан соң, жетекчи Е.Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу-тарбия комплексинде болду.

Азыркы учурда лицейдин аймагында 375 орундуу жаңы имараттын, ошондой эле спорт залдын курулушу дээрлик аяктоодо. Учурда сырдоо иштери жүрүп жатат.

Буюртмачы - КР Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги. Аталган жерде «Шер курулуш» курулуш компаниясы иш жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий