• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Биринчи май районунун акими эмгек ардагерине майыптар үчүн араба белек кылды

Коом 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Биринчи май районунун акими Алибек Биримкулов Ленинград блокадачысы, эмгек ардагери Маркова Валентина Петровнадан кабар алды.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, аким ардагерге майыптар үчүн араба, азык-түлүктөрдү жана көңүл үчүн гүл белек кылды.

"Эскерте кетсек, өткөн жумада Биримкулов социалдык колдоо, майыптар үчүн араба алуу жана материалдык жардам маселелери боюнча ардагерлерге жолуккан", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, калаада Улуу Ата Мекендик согуштан майып болгон 13 ардагери, согушка катышкан 42 ардагери, 12 концлагердин туткуну, 10 Ленинград блокадачысы, 240 тылда эмгектенгендер жашайт.

"Ардагерлерге республикалык бюджеттен ай сайын 7 миң сом өлчөмүндөгү компенсация жана 10 миң сом КРнын президентинин өмүр бою берилчү стипендия берилет. Өз кезегинде, шаардык бюджеттен ардагерлерге квартал сайын үч миң сомдон берилет", - деп кошумчалашты муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий