• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Биринчи май РИИБси акыркы 3 ай ичинде аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБси ушул жылдын 3 ай ичиндеги жүргүзгөн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешме өткөрдү.

Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешмеге Бишкек шаарынын ИИББнын начальниги Азамат Ногойбаев, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын начальниги М. Ниязалиев жана анын орун басарлары, башкармалыктын тармактык кызмат, бөлүм жетекчилери катышты.

Кеңешмеде Биринчи май райондук милициясынын 2021-жылдын 3 ай ичинде аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, алдыда аткарыла турган иштер жана жарандарды кабыл алуу, алар тараптан түшкөн арыз-даттанууларды, билдирүүлөрдү кароо тартиби тууралуу маалыматтар айтылды.

Райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан ушул жылдын 3 ай аралыгында кетирилген кемчиликтери менен жетишкендиктери дагы баса белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын А. Ногойбаев өздүк курам арасындагы кызматтык тартип маселесине, коомдук коопсуздукту сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө олуттуу мамиле жасоону, ар бир ишке жоопкерчиликтүү болууну тапшырды.

Андан сырткары, жарандардын ар бир арыз-даттанууларын тыкыр көзөмөлгө алып, эл менен тыгыз иш алып барууну жана бул багыттарда жумушту күчөтүү зарыл экендигине токтолду.

Кеңешменин аягында ар бир кызмат, бөлүм башчыларына талаптар коюлуп, алардын аткарылышы тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий