• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра шайлоонун күнү белгилүү болду

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо окуругдарында кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өтөт.

Мындай чечим БШКнын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү округдан 54, бир мандаттуу округдан 36 талапкер депутаттыкка шайланып келмек. Бирок Биринчи май жана Свердлов округдарында баарына каршы графасы алдыга чыккан.

Буга чейин, 15-декабрда, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын бирдиктүү округу боюнча шайлоону өттү деп тааныган.

Пикир

Оставить комментарий