• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Биринчи сорт ундун баасы Бишкек шаарында 31,5 сом, Баткенде 34 сом болуп бекитилди – Монополияга каршы агенттик

Коом 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарында биринчи сорт ундун 1 килограммынын баасы 31,5 сом болуп бекитилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин директору Шухрат Сабиров билдирди.

Ал белгилегендей, башында ундун 1-сортунун баасы 29 сом болуп бекитилген. Кийинчерээк баа 30,5 сом болгон.

"Кечээ Бишкекте 1-сорт ундун максималдуу баасы 31,5 сом деп коюлду. Баткен облусунда бул баа 34 сом деп коюлган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий