• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Биринчи тайм: “Ак шумкарлар” Мьянманын курамасына 5 гол киргизди

Спорт 0

Бишкек, 11.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Японияда Мьянманын командасы менен беттеш өткөрүүдө. Оюндун биринчи таймында кыргызстандык спортчулар 5 гол жаратканга жетишти.

Алгачкы гол оюндун 22-мүнөтүндө Турсунали Рустамов тарабынан киргизилди. 24-мүнөттө Мьянманын оюнчусу Ян Наинг Оо орой ойногондугу үчүн кызыл кагазын алып, оюн талаасын таштап кетти.

Ал эми 29-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов атаандаштарынын коргоочуларын алдап, тепкен тобу дарбазадан орун алды. Ошондой эле 34-мүнөттө Фархат Мусабеков эсепти 3:0гө өзгөрттү. Алимардон Шүкүров 45-мүнөттө, Мирлан Мурзаев 46-мүнөттө гол киргизди.

Кыргызстандык футболчулар Тамирлан Козубаев жана Кайрат Жыргалбек уулу буга чейинки оюндарда алган эскертүү сары кагаздарынан улам Мьянмага каршы оюнга чыккан жок.

Ошондой эле дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба, футболчу Бекжан Сагынбаев, Валерий Кичин жана Авазбек Откеев дагы беттешке катышкан жок. Алар коронавируска шектелип, “сары тизмеге” кирген.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын Азия чөлкөмүндөгү тандоо турунун алкагында Монголиянын командасына 0:1 эсебинде утулуп калган. “Ак шумкарлар” F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстандын курама командалары менен жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий