• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Биринчи тайм: Кыргызстан Бангладешти 2:0 эсебинде утууда

Спорт 0


Бишкек, 07.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 7-сентябрда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы “Үч улуттун кубогу” эл аралык мелдешинин алкагында Бангладештин командасы менен оюн өткөрүүдө.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу оюндун биринчи таймынын 10-мүнөтүндө Элдар Молдожунусов Кыргызстандын курамасына алгачкы голду алып келди. Ал эми 39-мүнөттө Алимардон Шүкүров эсепти 2:0гө өзгөрттү.

Аталган достук турнир Кыргызстандын улуттук курамасынын Азия Кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына болгон даярдыктын алкагында өтүүдө.

Белгилей кетсек, 2-7-сентябрь күндөрү Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан, Палестина, Бангладештин улуттук курамалардын катышуусунда “Үч улуттун кубогу” эл аралык мелдеши жүрүүдө.

Буга чейин, 2-сентябрь күнү кыргыз футболчулары Палестинаны 1:0 эсебинде утуп алган. Ал эми Палестина Бангладештин командасын 2:0 эсебинде жеңген.

Пикир

Оставить комментарий