• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Биринчи тайм: Кыргызстан Сингапурду 2:1 эсебинде утууда

Спорт 0

Бишкек, 11.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сингапурдун курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрүүдө.

Оюн БАЭнин Шарджа шаарындагы "Аль-Хамрия" стадионунда өтүүдө.

Беттештин 3-мүнөтүндө кыргызстандык футболчу Айзар Акматов көтөрүлүп берилген топту башы менен сүзүп эсепти ачты. Көп өтпөй 9-мүнөттө Эрнист Батырканов тепкен топтун багытын өзгөртүп, эсепти 2:0гө өзгөрттү. Бирок оюндун 21-мүнөтүндө сингапурдук оюнчу өз курамасына жалгыз голду алып келди.

Биринчи тайм 2:1 эсебинде аяктады.

Белгилей кетсек, кыргызстандык футболчулар Бахрейн курамасына каршы 16-ноябрда дагы жолдоштук беттеш өткөрөт.

Жолдоштук беттештер 2023-жылы өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына даярдык көрүү катары өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2023-жылкы Азия кубогунун квалификациясынын финалдык туру үй-конок форматынан борборлоштурулган форматта өтөт. Азия кубогунун тандоо турунун тайпалык этабынын оюндары 2022-жылдын 8, 11 жана 14-июнь күндөрү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий