• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Биринчи вице-мэр Пакистандын КРдагы элчисин кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 31-май /Кабар/. Бүгүн, 31-майда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кази Хабиб Ур Рехмана менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

З.Аскаров элчиге эки мамлекеттин ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди бекемдөөгө кошуп жаткан салымдары үчүн ыраазычылык билдирип, келечектеги пландар менен ой бөлүштү.

-­“Белгилүү болгондой, Кыргызстан менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы кызматташтык ар дайым активдүү жана оң мүнөзгө ээ экендиги менен айырмаланып келген. Быйыл Кыргызстан менен Пакистандын дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 25 жыл толот.

Ош шаарынын мэриясы Пакистан Ислам Республикасы менен түзүлгөн өнөктөштүк байланышты бийик баалайт. Бирок азыркы убакта Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун азыркы деңгээли төмөн деп мүнөздөлөт жана эки өлкөнүн учурдагы талабына жооп бербегенине байланыштуу кыргыз-пакистан биргелешкен ишканаларын Ош шаарында ачууга, пакистандык инвесторлорду Ош шаарына тартууга чакырып кетет элем.

Бизде көптөгөн социалдык, экономикалык жана маданий долбоорлор бар. Ош шаары да потенциалдуу инвесторлордун – жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген бизнесмендер тарабынан көңүл буруучу обьектисине айланууда. Алар үчүн курулуш жана энергетика көбүрөөк жагымдуу чөйрөлөрү болуп саналат.

“Улуу ишти аткаруу үчүн биринчиден, жагымдуу шарт, экинчиден, географиялык ыңгайлуу жай жана үчүнчүдөн тынчтык жана ынтымак зарыл” деп айткан экен. Менин оюумча бизде бул үч шарт толугу менен бар”,-деди З.Аскаров.

Өз кезегинде Пакистан элчиси, бул жолугушуу жөн эле жолугушуулардан эмес, келечектеги байланыштардын, кызматташтыктын башаты болоорун билдирип, эки өлкө ортосундагы мамилелер өнүгүп, кызматташтыктын көптөгөн чөйрөлөрү боюнча тыгыз иштерди алып баруу негизги максат экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий